Мык менен тартылган жаныбарлардын 800 долларлык сүрөттөрү. Карышкырдын 70 миңдик терилери. Кырчындагы этно базар Видео

Кырчын жайлоосунда орнотулган этно дарбаза түз эле этно базарга алып барат. Ал жерде кыргыз элинин  улуттук буюмдары, кийим-кече жана  тамак-аштарына чейин тапса болот. Базарда айрыкча териден тигилген тебетейлер, карышкыр терилери көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып, өтүмдүү буюмдардын катарында болууда.

Этно базар 2-сентябрь  көчмөндөр оюндарынын ачылыш күнүнөн бери иштеп жатат.Соода жайы ар убак кардарлар менен толууда. Айрыкча чет өлкөдөн келген коноктор  кыргыздын улуттук буюм-тайымдарын сатып алып жатышат.

 “Мен Парижден биринчи жолу Кыргызстанга келдим..Бул базарды дагы эми көрүп жатам.Этно базардан апам үчүн белектерди сатып алдым. Өзүмүн үйүмө кыргыз арнаменти түшүрүлгөн килемче да алып койдум”,-дейт  Франциядан келген Тамара Гержебина.

 “Мага бул жерлеги баардык буюмдар жакты.Айрыкча улуттук кийимдерге кызыктым мында  улуттук буюмдардын түрлөрду дагы көп экен.Элдеринде менменсинүү жок.Баары жакшы мамиледе,күлүп-жайнап жүрүшөт. Эми кийинки жылы дагы сөзсүз келем”,-деди Орусиядан келген Мариям Плетнова.

Этно базардын бир бөлүгүндө “Гүл азык” кароо сынагы уюштурулуп жатат. Мында эзелтен көчмөндөрдүн улуттук тамагы катары даярдалып келген гүл азык даярдалууда.

Базар 300дөн ашуун сатуучуга  ылайыкташтырылган. Анын ичинде ар бир облустун 12ден соодагерлери бар.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген