Мусулмандарга эмдөөгө тыюу салынбайт. Кыргызстан аалымдар кеңеши фатва чыгарды

Аалымдар кеңеши учурда массалык эмдөө COVID-19 менен күрөшүүнүн бирден-бир ыкмасы экендигин билдирген фатва чыгарды. Чечимде белгиленгендей, ден-соолукка зыян келтирилбесе, Ислам дини мусулмандарга эмдөөгө тыюу салбайт. Бул тууралуу дин башкармалыгынан билдиришти.

Аалым кеңеши ушундай эле чечим Сауд Арабиядагы исламдык укуктук ченемдер менен чечимдердин глобалдык жөнгө салуучусу катары иш алып барган эң жогорку илимий мекеме – Ислам Фикхинин Эл аралык академиясы тарабынан кабыл алынгандыгын кошумчалады.

Кеңеш коронавирус пандемиясы учурунда көптөгөн кыргызстандыктар жакындарын жоготконун белгилейт.

«Дарыгерлердин айтымында, бул инфекцияга каршы профилактикалык чараларды көрүү керек. Бүгүнкү күндө эмдөө – COVID-19дан сактоонун бирден-бир жолу. Эгерде Коронавирус вакцинасынын зыянсыздыгы жөнүндө саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан чечим кабыл алынган болсо, анда бул исламдын принциптерине каршы келбейт. Ошондуктан, аалымдар кеңеши COVID-19га каршы эмдөөгө каршы эмес », – деп билдирди муфтият.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.