Мусулмандардын дин башкармалыгында халал иштери боюнча бөлүм ачылды

Мусулмандардын дин башкармалыгы өлкөдөгү халал индустриясын шариятка ылайык өнүктүрүү максатында “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмү ачылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Ага ылайык, анын башчылыгына Бактияр Токтогазы уулу дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай Шергазыев кол койду.

“Мындан ары башкармалыктын “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмү экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын халал индустриясы менен тыгыз кызматташып, халал иштерин шариятка ылайык өнүктүрүүдө мыйзамдын чегинде бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшамакчы”, – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.