Муштумуңузду түйүп, өзүңүздү тааныңыз

Биздин колубуз өзүбүз тууралуу маалыматты жакындарыбызга жана психологдорго караганда так айтып берүүсү мүмкүн. Ал үчүн жөн гана алаканыңызды жумуңуз. Сүрөттө көрсөтүлгөн кайсы колго шайкеш келет, ошол сүрөттүн номуру боюнча мүнөзүңүздү билип алыңыз.

1.Бул адамдар уялчаак болгону менен парасаттуу. Аларды коп нерсени билген тирүү энциклопедия деп койсо да болот. Сиз бир нерсе менен эле чектелип калбай, дайыма учу-кыйыры жок ойлордун үстүндө жүрөсүз. Ошондой эле дүйнөнү кененирээк таанууну жактырасыз. Идея жаратуучулук жөндөмүңүздү карай турган болсок, сиз жаңы ачылыштардын булагысыз.

Өзгөчөлүгү: Айрым учурда кээ бири сиздин  мүнөзүңүздү жакындан тааный албай, жоош  деген ойдо калышы ыктымал. Анткени сиз өтө сезимтал, сырдуу жансыз.

Похожее изображение

2.Бул адамдар өзүн бир тартипте кармагандардан. Кээде түнт адамдай көрүнгөнү менен өтө эле сезимтал, алсыз болушат. Мындай кишилердин мээси башка маселени чечүү менен алек болгондо, алтынчы туюмуна ишенип чечим чыгара алышат.

Өзгөчөлүгү: Сыртынан алсыз көрүнүү менен алар күчтүү жан дүйнөсүн сыр катып, жашыра алышат.

3. Бул адамдар реалист. Кандай учур болбосун жардамга даяр турушат. Бирок кээде өтө эле майдачыл болуп кетишет. Бул өзгөлөрдүн ишине кийлигишип кетет дегендик эмес. Болгону бардык нерсеге көңүл бурган адамдар десек болот. Жашоодо эмне каалап жатканын жана өзүнө эмне керек экенин жакшы билген адам. Жыйынтыктап айтканда мындай адамдар ишенимдүү, салмактуу келишет.

Өзгөчөлүгү: Эгер мындай мүнөз ээлерин колдоочу киши болсо, алар багындыра албаган  чоку  калбаса керек.

4. Бул адамдар аябай сезгич келет. Алар кумдан чеп тургузууга, тыйындан миллион куроого жөндөмдүү. Кичинекей бюджетти эле эмес, өз ресурстарын да башкара алышат. Мындай адамдын урааны: “ Акырын басып, анык жүр!” Бул мүнөз ээлери мактанчаак эмес, бир калыпта жүрүүнү жакшы көрүшөт. Тынчтыкта, сабырдуу жашагысы келет.

Өзгөчөлүгү: Башкалар менен бат аралашып кете албашы мүмкүн. Бирок мындай кишилер менен жакындан тааныша алсаңыз, эң жөнөкөй адамдар болуп чыга келет.

Сиздин муштумуңуз кайсы сүрөткө шайкеш келет?

Макала жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген