Мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атагын арттырган беттештери кайсылар?

23-январда эрежесиз уруш чебери, UFC уюмунун эң беделдүү мушкерлеринин бири саналган орусиялык Хабиб Нурмагомедов Бишкек шаарына келди.  

“Мен Кыргызстанга Улуттук олимпиадалык комитеттин чакыруусу менен келдим. Кыргыз өлкөсүнө алгачкы жолу келип жатам. Бул жакта менин күйөрмандарым көп экендигин жана Кыргызстан өтө кооз өлкө экендигин билем. Кыргызстан менен жакындан таанышам деген үмүттөмүн,”- деген мушкер тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүшөбүз.

Хабиб Абдулманапович Нурмагомедов 1988- жылы 20- сентябрда Дагестан АССРинин Цумадинский районуна караштуу Сильди айылында туулган.

Мушкер эң алгач ММА мушташ түрү боюнча рингге чыгып,  анын карьерасындагы бет ачар уруш 2008-жылы сентябрь айында Украина шаарында болгон. Анда Хабиб Азербайжандык Вюсад Байрамов менен күч сынашып, беттештин 2-раундунда жеңишке жетишкен. Ошондон кийин Нурмагомедов чоң спортко кадам таштайт.

2009-жылы эч кимге жеңилип көрбөгөн мекендеши Шахбулат Шамхалаев менен беттешет. Беттеш учурунда Хабиб көрүүчүлөрдүн баарын таң калтырган. Анткени спорт сүйүүчүлөрдүн баары Шахбулатты утушка ээ болот деп ойлошкон эле. Бирок беттештин 1-бөлүгүндө эле Нурмагомедов атаандашынын колун кайрып, утушка ээ болгон. Бул мелдеш каарманыбыздын болгону 7-урушу эле.

Хабибдин эң чон беттеши 2012-жылдын 20-январында өтүп, ошондон кийин мушкердин атагы арткан. Бул беттеш Американын түштүгүндөгү Нашвилл шаарында болуп, ирандык Камал Шалорус  менен мушташкан. Корүүчүлөр Камалдын жеңишине ишенип калышкан учурда, 3-раундда Хабиб атаандашын муунтуу жолу менен утушка жеткен. Бул жеңиштен кийин Нурмагомедов Американын сүймөнчүгүнө айланган. Бул анын UFCдеги эң алгачкы беттешүүсү болчу.

Мушкердин акыркы беттеши 2017-жылдын 30-декабрында Лас-Вегаста өтүп, анда бразилиялык мушкер Эдсон Барбозаны жеңип алган. Дал ушул беттеште ал ирландиялык Конор Макгрегор менен мушташууга даяр экендигин белгиледи.

29 жаштагы Хабиб Нурмагомедов 25 беттеште 25 утушту багындырган.

2018-жылдын жаз айларында Хабиб жана Тони Фергюсондун UFCнин жеңил салмак боюнча чемпиондук беттеши өтөөрү пландалууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.