Мурунку биринчи вице -премьер Новиков Баткендеги чек ара жаңжалын жөнгө салуудагы салымы үчүн “Улук лейтенант” наамына ээ болду

РКӨФнун башчысы Артем Новиков улук лейтенант аскердик наамын алды. Бул тууралуу ал “Кызматым Ата-Мекенге!” – деген пост менен соц тармактагы фейсбук баракчасында жарыялап, наам ыйгаруу аземинен видео бөлүштү.

“Баткен облусундагы жаңжалды жөнгө салууда күч-аракеттерин көрсөткөндүгү үчүн, укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик органдардын аракеттерин координациялоодо, коргоо министрлигинин түзүмдөрүнө, бөлүктөрүнө жана мекемелерине ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн мөөнөтүнөн мурда “Улук лейтенант” наамы ыйгарылат», – деп айтылды сыйлык тапшыруу аземинде.

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал тутанганда президент Садыр Жапаров Новиковду кырдаалды жөнгө салуу жана аны изилдөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындаган.

Артём Новиков Баткенге барып, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин ишин координациялаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.