Мурдагы депутат Сергей Ибрагимов мамлекеттин эсебине 100 млн сом которду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сергей Ибрагимов бюджетке өз ыктыяры менен 100 миллион сом которду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, УКМК тарабынан Сергей Ибрагимовдун компаниялар тобунда, каржылык мыйзам бузууларына, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн натыйжасында мыйзам талаптарын бузуу аныкталган эмес. Бирок, мурдагы депутат республиканын социалдык-экономикалык оор абалын эске алып, каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга даяр экендигин айткан.

Учурда аталган сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.