Мунар Исанын ийгиликтүү бизнесине себепчи болгон китеп

Мунар Иса  мектепте окуп жүргөндө такыр китеп окучу эмес. Онунчу класста орус тил мугалиминин “кыргыз болуп туруп, Чыңгыз Айтматовду окуган эмессиңби?” деген сөзү анын намысына катуу тийген. Ошентип, Мунарды керемет китеп дүйнөсүнө жетелеген автор – улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов болуп калды.

Көп өтпөй Мунар Иса Америкага кетти. Алгач жүк ташуучу болуп иштеген каарманыбыз ашканада идиш жуугучтан баштап, ашпозчу, анан менеджерликке чейин жетти. Көп кыйынчылыкты көргөн Мунардын көзүн ачкан китеп Роберт Кийосакинин “Бай ата, кедей ата” китеби болуп калды. Ушул адабиятка өтө таасирленген 28 жаштагы каарманыбыз – азыр Оштогу эң ийгиликтүү ишкерлердин бири. Ал бир эле учурда бизнестин бир нече түрү менен алектенет.

“Азыр алтымыш адам ушул жерде эмгектенебиз. Баарыбыздын пайдубалыбыз – “Бай ата, кедей ата” десем болот. Бул китепти мен бир нече жолу окудум. Ошондо гана маанисине жеттим. Мен билем, азыр Инстаграм, Фейсбук, интернеттен чыкпай отурасыздар. Бирок ошол эле маалда ушул китепти да окусаңыздар, ийгиликке жетишесиздер.  Эч нерсени окубай туруп, ийгиликке жетише албайбыз. Мен бир эле бизнести айтпайм, ошол эле жашоо болсун, үй-бүлө же ата-энеге мамиле болсун, бардык нерсе китеп аркылу келет. Сиздерди китеп окууга чакырам, мен жакшы көргөн бизнес-классика – Роберт Кийосакинин “Бай ата, кедей атасынан” баштаңыздар, андан да жакшы болот”, – дейт Мунар Иса. 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген