Мухаммедкалый Абылгазиев менен Медведев телефон аркылуу сүйлөштү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүү учурунда Мухаммедкалый Абылгазиев Дмитрий Медведевге Россия Өкмөтүнүн төрагасы кызматындагы биргелешкен үзүрлүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Өкмөт башчы анын кыргыз-россия мамилелерин өнүктүрүүгө жана ар кыл тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошкон жеке салымын баса белгиледи.

Сүйлөшүү учурунда кыргыз-россия алакаларынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген