Мугалимдерге үйдө иштөөгө уруксат берилди

Өлкөдөгү мугалимдер 8-апрелге чейин үй шартында иштөөгө кое берилди. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты.

Белгилүү болгондой, мугалимдер үчүнчү чейректи жыйынтыктап, тиешелүү болгон отчеттук иштерин аяктап, жетекчилер мектеп имараттарында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.

“Өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу максатында жалпы билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдер үй шартында дистанттык түрдө окутууларын өткөрүү үчүн 8-апрелге чейин кое берилди”,-деди министрликтин басма сөз кызматы.

Билим берүү мекемелеринде ЖРТга каттоодон өткөрүү үчүн 11-класстардын класс жетекчилери нөөмөт менен иштешет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген