Мугалимдердин пенсиясы көбөйтүлүшү мүмкүн

Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаттары мыйзам долбоорун даярдап,  социалдык комитеттин сынына койду. Ага ылайык, 20 жыл иштеген агартуучулар 10 миң сом, ал эми 25жылдан көп эмгектенгенедер 13 миң сомдун тегерегинде пенсия ала алышат.

Ал учурда жаңы мыйзамдын негизинде бир эле мугалимдердин пенсиясын  жогорлатуу туура эмес деген пикирлер да айтыла баштады. Анткени башка тармакта иштеп, эс алууда жүргөндөрдүн арасында каршы пикирлер чыгышы ыктымал.

Адистердин айтуусунда, бардык тармактагы пенсиянын көлөмүн көтөрүү үчүн эмгек акыны бүгүндөн жогорлатуу  керек.  Ошондо социалдык төлөмдөрдөн түшкөн акча менен гана пенсиянын көлөмүн көтөрүүгө болот. Анткени мамлекеттик казынада ашыкча акча жок экенин айрым эл өкүлдөрү айтып жатат.

Мугалимдердин пенсиясын көтөрүүгө мамлекеттик казынадагы каражат жетишсиздигин социалдык фонд да тастыктайт. Бул үчүн алгач эмгек акыны көтөрүү керек. Ошондо социалдык камсыздандыруудан түшкөн каражат, пенсиянын көлөмүн көтөрүүгө жумшалат дешет адистер.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz