Мугалимдер үчүн дистанттык билим берүү боюнча онлайн окутуу башталат

Кыргыз билим берүү академиясы, “Green Light” компаниясы жана Кыргыз информатик мугалимдеринин ассоциациясы мугалимдер үчүн “Дистантык билим берүү технологияларынын заманбап аянтчалары” темасында ири масштабдагы онлайн семинарларды өткөрүүнү пландаштырууда. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Семинарда адистер онлайн программа деген эмне, сабактарды даярдоо жана өткөрүү үчүн аларды кантип колдонуу керектигин оңой жана жеткиликтүү формада түшүндүрүп беришет.

Алгачкы семинар 25-апрель күнү саат 11:00дө башталат. Анда аралыктан билим берүү технологияларынын заманбап аянтчалары жөнүндө сөз болот.

Катталуу үчүн шилтемеhttps://forms.gle/yhzsfnaP6NtrT9A49

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.