Муфтият уюштурган ооз ачардагы окуя боюнча Түркия тарап расмий жооп берди

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Муфтият уюштурган окуя боюнча расмий жооп берди. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Хами Аксой элчиликтин расмий сайтына жазып чыкты.

“ Кыргызстан Муфтияты 8-майда уюштурган ооз ачарга өлкөдөгү ФЕТӨ кыймылынын башчыларын чакыруусу кабыл алаарлык көрүнүш эмес. Ага Бишкектеги элчибиз туура кадам көрсөткөн. Анткени  ФЕТӨнүн башка өлкөлөрдө да жайылышына каршы күрөшүү биздин эң башкы өзгөчөлүктөрүбүздүн бири. Биз бул уюмдун  канчалык кооптуу экенин алар ишмердүүлүк жүргүзгөн өлкөлөргө айтып келебиз. Андыктан, бул маселеге биз менен дос болгон өлкөлөрдүн расмий бийлиги эле эмес, баардык улуттук, коомдук уюмдары да көңүл буруу менен мамиле кылышын күтөбүз.” -деп жазган билдирүүдө. 

Эскерте кетсек, Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгы уюштурган ооз ачарга Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын «Сапат» билим берүү мекемесинин мурдагы башчысы Орхан Инанды менен чогуу чакырылганы үчүн уюштуруучуларга нааразычылык билдирип чыгып кеткени боюнча видео интернетке тараган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген