Муфтий Замир Ракиев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев жарандарды ыйык Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Муфтияттын башчысы майрам баарына жакшылыкты, молчулукту, канааттанууну жана жашоодо бакубатчылыкты алып келүүсүн каалады.

«Тилекке каршы, глобалдык пандемияга байланыштуу быйыл ажылык сапары болбойт. Ушул күндөрү мусулман бир туугандарыбыз Арафат тоосуна чыгып, Аллахтан өлкөбүздө тынчтык жана элдин жыргалчылыгы үчүн дуба кылышты. Аллах ар бир момунга ажылыкка барууга жана кийинки жылы Арафат тоосуна чыгууга мүмкүнчүлүк берсин. Бардыгыңыздарды улуу Курман айт майрамында биримдиктүү, толеранттуу жана боорукер болууга чакырам ”, – деп айтылат муфтияттын куттуктоосунда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.