Муфтий Орусиядагы мекендештер менен жолугат

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев үч күн  Орусиядагы мекендештер менен жолугат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Максатбек ажы Токтомушев 26-ноябрдан 29-ноябрга чейин Россиянын Якутск, Чита, Иркутск шаарларына барат.

Жолугушуу үч күн Якутск, Чита, Иркутск шаарларынын борбордук мечиттеринде өтөт.

Муфтийдин чет өлкөдөгү мекендештер менен жолугуу демилгесин муфтияттын Урал, Сибирь жана Ыраакы Чыгыш боюнча өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиев көтөргөн.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген