Москвалык блогер жаш кыргызстандыкка жаңы iPhone белек кылды

Москвада Wylsacom деп аталып калган техноблоггер Валентин Петухов кичинекей кыргызстандыкка жаңы iPhone телефонун белекке берди. Жолугушуунун видеосун TikTok колдонуучулары жарыялаган.

Видеодо уулун колуна алган атасы блогер менен селфи жасоону чечип, баланын бүгүн туулган күнү бар экенин айткан. Муну уккан Валентин Apple гаджеттери салынган баштыкты алып чыгып, балага белек берүүнү чечкен.

Балакай баштыкка колун салып, белегин тандай баштаган. Жыйынтыгында кичинекей кыргызстандык Appleдан жаңы смартфонду алып чыкты.

Бала менен анын атасы мындай берешен белекке таң калып, блоггерге ыраазычылыгын билдирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.