Москвадагы мигранттар Мамлекеттик тил майрамын белгилешти

Мамлекеттик тил майрамын быйыл Москвадагы кыргызстандыктар өзгөчө белгилешти. Депутат Жанар Акаевдин демилгеси менен алар үчүн спорттук жана маданий чоң иш чара уюштурулду.

Миңдеген кыргызстандыктар үчүн “Кыргыз тил” коомунун президенти Раимжан Курбанов кыргыз тил жөнүндө ырларды окуп берди. Ырчылар Бактияр Токторов, Гүлжигит Сатыбеков обон созуп, мекендештердин көңүлүн көтөрдү.

Мамлекеттик тил жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ири футболдук турнир өттү. Ага 60 команда катышып, баш байгени Сокулук командасы утуп кетти.

Демилгечи Жанар Акаевдин айтымында бул иш чара эми салтка айланып, жыл сайын өткөрүлөт.

“Мекендештербиздин миллиондоп салган акчасын гана санабай, майрамдарда, жакшы күндөрдө алардан кабар алып турушубуз керек. Эл өкүлү катары алардын үнүн угуп, Жогорку Кеңеште айтып турабыз”, – дейт Акаев.

Москвадагы иш чараны “Демилге” кыймылы уюштурду. Ага миңден ашык кыргызстандыктар катышты. Спорттук жана маданий бөлүктөн сырткары кыймыл өкүлдөрү кыргыз диаспораларына кыргыз тилиндеги балдар китептерин тапшырышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.