Москвада жол кырсыгына себепкер болгон Чыңгыз Анарбек уулу бошотулду

Жайында Орусиянын Москва шаарында жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу бошотулду. Бул тууралуу “Замандаш” партиясы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, сот Орусия федерациясынын кылмыш жаза кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү ( Жол эрежесин бузуу жана байкабастан транспорт каражаты менен адамдын саламаттыгына оор зыян келтирүү) менен иш козгогон.  Москва шаарынын Тверск соту 1 жыл 6 айга кара жумушка кесүү менен, айлык маянасынан 15% кармалып, 3 жылга чейин авто унаа айдоо укугунан ажыратты.

Белгилей кетсек, 16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу автоунаасын башкара албай, жолдун четинде турган бир топ кишини сүзүп кеткен. Алардын арасында футбол күйөрмандары да болгон.  Буга байланыштуу Москва шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоп, Чыңгыз Анарбек уулу камакка алынган болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген