Москвада өзбекстандык тиш доктурга бычак менен сол салуу болду

Москванын түндүгүндө жайгашкан Түштүк Медведков районундагы жеке стоматологиялык клиникада өзбекстандык тиш доктурга бычак менен кол салуу болду.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, 40 жаштагы Жамол Адиловго кол салуу 13-декабрда болуп, анын курсагына бычак сайылган.

Орусиянын Тергөө комитетинин Москва шаардык башкармалыгы бул окуя боюнча “Өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Окуя болгон клиниканын башчысы “Озодлик” радиосуна берген маегинде кол салган адам алты ай мурда алардын клиникасында тишин дарылатып кеткенин билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.