Москвада вагон күйүп, эки кыргызстандык наристе жабыркады

Москванын курулуштарынын биринде өрт чыгып, эки ымыркай денесинен оор жарат алган. Жабыркаган кыздардын ата-энесинин өздүгү такталган. Алар 30 жаштагы жана 22 жаштагы Кыргызстандын жарандары экени аныкталган.

Маалыматка ылайык, 6-февраль күнү Родниковая көчөсүндөгү курулушта өрт чыккан.

“Өрт болуп жаткан жерден куткаруучулар эки кичинекей кызды алып чыгышкан. 7 айлык ымыркайдын колу жана бети күйгөн, ал эми анын 3 жаштагы наристенин бети, кулактары, колдору жана таманы күйүп калган. Балдар кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген”, – деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттүн себеби – электр жабдууларын колдонуудагы коопсуздукту сактабагандыктан келип чыккан.

Учурда Тергөө комитети өрттүн чоо-жайын жана кандай себептер менен балдар жалгыз вагондо болгондугун териштирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген