Москвада унаа токтотуучу жайда эмгек мигранттын сөөгү табылды

Орусиянын борбор шаары Москвада, Очаковский заводунун жанындагы унаа токтотуучу жайдын жанында оозуна кирпич салынган мигранттын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу МК.ru басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, полиция каза болгон адам 31 жаштагы Өзбекстандын жараны экенин аныктады. Анын денеси оозунда кирпич менен табылган. Маркумдун колунда көптөгөн гематомалар, башында сыйрыктар бар экени айтылууда.

Азыр укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын аныктап жатышат. Маркум болжол менен эки күн мурун каза болгону такталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.