Москвада туристтерди коюп кеткен Кыргызстандык айдоочунун соту 11-октябрга белгиленди

Ушул жылдын июнь айында Москва шаарынын Ульина көчөсүндөгү жол сызыкда бир топ адамдарды  коюп  кеткен  айдоочу Чыңгыз Анарбек уулуна болгон кылмыш ишин кароону 11-октябрга белгиленди.  

Бул чечимди Москванын Тверь райондук  соту кабыл алган.

“Тверь райондук сотунун чечими менен Чыңгыз Анарбек уулуна  болгон коргонуу чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.  Ал  жаза мөөнөтү белгиленген күндөн тарта, алты айга кармоого алынган жана бул  2019-жылдын 14-мартына чейин “ – деп  айтылат маалыматта.

Тверь райондук сотунун маалымат -катчысынын айтымында кылмыш жаза иши өзгөчө тартипте каралып, ачык  соттук отурум 11-октябрь күнү саат 15:00 го белгиленген.

Эске салсак Чыңгыз Анарбек уулу  18-июнь күнү  жол коопсуздук эрежелерин сактабаган  жана транспорт каражаттарын туура эмес эксплуатациялоодо күнөлүү деген берене менен  кармалган.  ( РФ КЖК 1 бөлүм 264 берене боюнча.)

Буга чейин соттук отурумда анын жактоочусу  Чыңгыз Анарбек уулу  толугу менен  кетирилген айыбы үчүн өкүнүп жатат, жана жабырлануучу тарапка келтирилген чыгымдын бир бөлүгүн  төлөдү деп билдирген.

1990-жылы туулган айдоочуда  кыргыз паспорту жана айдоочулук күбөлүгү болгон.  Ал жабырлануучуларды атайын уруп кетпегендигин айткан.  Борбордук саламаттыкты сактоо департаментинин  пресс-кызматы билдиргендей  Ильина көчөсүндөгү  кырсыктан жабыр тарткан 8 адам Москванын ооруканаларына жайгаштырылган.

Жол кыймылын көзөмөлдөө  кызматы билдиргендей айдоочу мас абалда болгон эмес.  Полиция кызматкерлери көрсөткөн видеодо айдоочу айтып өткөндөй, 20 саат бою уктабай тормоз менен газды  алмаштырып алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген