Москвада Кыргызстандын жараны зордуктоого кабылды

Москвада Кыргызстандан иш издеп барган кыз зордуктоого кабылды. Бул тууралуу Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.

“Кыргыз кыз интернет аркылуу батир тазалоо боюнча жумуш караштырып, биринчи кардарына келип ушул окуяга туш болгон. Кыз батирди жыйнаштырып бүтүп акысын сураган. Кыздын эмгек акысын берүүнүн ордуна шектүү аны зордуктап салган”, – деп жазылат маалыматтарда.

Ошол эле күнү жабыркаган кыз полицияга арыз менен кайрылып, көп узабай укук коргоо органдары тарабынан зордуктоого шектелген жаран колго түшкөн. Кармалган адам 25 жаштагы Кыргызстандын  жараны экени белгилүү болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда соттун чечимин күтүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген