Москвада коронавируска каршы “Арепливир” дарысы сатыкка чыкты

Москвада дарыканаларга COVID-19 илдетинен амбулатордук дарылоо үчүн “Арепливир” келип түштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Колл-борбордун операторунун берген маалыматы боюнча, препаратты “Братиславская” метро станциясындагы дарыканалардан табууга болот.

“Арепливир” дарысын “Фавипиравир” препаратынын негизинде ойлоп табышты. “Промомеданын” адистери Саран шаарындагы “Биохимик” заводунун базасында өзүнүн толук циклдүү өндүрүү циклин иштеп чыгышты.

“Арепливир” препараты саламаттык сактоо министирлигинин макулдугун июнь айында алса дагы, стационарда дарыланып жаткан бейтаптарга гана колдонулуп келген. Өткөн жумада департамент эл аралык патенттелбеген коронавирус инфекциясына каршы эки ата-мекендик өндүрүштүк дарыны амбулатордук шартта колдонууга уруксат берди. “Арепливир” препаратынан сырткары “Р-Фарм” компаниясынын “Коронавир” дарысы дарыканаларда жеткиликтүү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген