Москвада кармалган экстремисттик топтун мүчөлөрү кыргызстандыктарбы?

Орусияда кармалгандар арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди.  Анын айтымында, кечээ, 12-декабрда Жаңы жыл майрамы жана келерки президенттик шайлоо учурунда теракт кылууну пландап жаткан экстремисттик топтун мүчөлөрү кармалгандыгы тууралуу Орусиянын коопсуздук кызматы тарабынан маалымат келип түшкөн.

Шектүүлөр 11-декабрда Москвага жакын жерден колго түшкөн жана алар борбор азиялыктар экенин, жанкечти аркылуу террор жасоону пландаштырып жатышканы белгилүү болгон.

Ал эми Кыргызстандын ИИМинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев министрликке бул боюнча эч кандай  маалымат келбегенин билдирди. Эгер шектүүлөрдүн арасында кыргызстандыктар бар болсо, кабар беришмек эле деп кошумчалады ИИмдин кызматкери.

Орусиянын коопсуздук кызматы адатта майрамдын же башка бир маанилүү окуялардын алдында теракттын алдын алганын кабарлап турат. (КЕ)

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген