Москвада Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. Видео

Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, элчи Болот Отунбаев, жазуучунун уулу Элдар Айтматов, Москва шаарынын мэри Сергей Собнянин, ЖКнын депутаттары жана эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү катышты.

Ачылуу аземинин видеосун интернетке Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз жарыялады.

Сквер Москва шаарынын Павлов көчөсү менен Подольск шоссесинин ортосунда жайгашып, аянты эки гектардан ашат.

Эстеликтин автору Азамат Абдрахманов, Россия тараптан архитектор — Сергей Павлов. Скульптура колодон куюлуп, бийиктиги постаментти эсептебегенде  — 2 м 70 см.

Москва шаарындагы скверге Чыңгыз Айтматовдун  эстелигин орнотуу боюнча токтом, былтыр Москва шаардык думасы тарабынан кабыл алынган.

Ч. Айтматовдун 90 жылдыгы быйыл, өлкөнүн жана дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде жогорку деңгээлде белгиленүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген