“Мекениңе кетүүгө жардам берем”. Москвада кыргызстандыктар шылуундарга алданышты

Орусиянын Москва шаарында белгисиз жаран кыргызстаныктарга мекенге кетүүгө жардам берээрин айтып, акча алып, качып кеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалым болду.

Шылуунчулуктун курмандыгы болгон кыргыз жарандарды алдаган адам элчиликте анын тууганы иштээрин, аны менен сүйлөшүп, өлкөгө кете тургандардын тизмесине киргиздирип коёрун айткан.
Жыйынтыгында Кыргызстандын үч жараны 54 миң рубль алдатышкан. Учурда аталган окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Ошондой эле мекендештерди өлкөгө кайтарууга жоопкерчиликтүү тараптардын акча алып, жарандар тааныш-билиш аркылуу жөнөтүлүп жаткандыгы боюнча арыздануулар түшүп жаткандыгын элчиликтен кошумчалашты.

“Коррупцияга жол берилип, таза эмес жүргүзүлгөн иштер изилденип жатат. Күнөөлүүлөр Орусиянын мыйзамынын негизинде жоопко тартылат”,-деп айтылды элчиликтен.

Буга чейин КРнын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын чет элдеги жарандарына кайрылып, алдамчыларга ишенбөөгө, учака билеттерди да ортомчулардан эмес, кассадан гана алууну эскертип келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген