Москва соту жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен Чыңгыз Анарбек уулун камакта калтырды

Орусиянын Москва шаардык соту 16-июнда жол четинде бараткан жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен кыргыз жараны Чыңгыз Анарбек уулунун үй камагына чыгаруу боюнча арызын карап, канааттандырган жок. 

Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, шаардык сот Таган райондук сотунун Чыңгыз Анарбек уулуна карата 18-июнда чыгарган чечимин туура деп таап, өзгөртүүсүз калтырды.

Чыңгыз Анарбек уулу 16-июнда Москванын борбордук көчөлөрүнүн биринде такси айдап баратып жол четиндеги жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен. Кырсыктан 8 киши жаракат алган. Айдоочу полиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-июнда Таган райондук соту шектүү катары кармалган Кыргыз жаранынын баш коргоо чарасын карап эки айга камакка алган болчу.

Чыңгыз Анарбек уулу сот залында күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, жабыркагандардан кечирим сураган. Ал такси кызматына карызынан кутулуу үчүн мындан бир ай мурда орношкондугун, күнү-түнү иштеп, уктап кеткенин айткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген