Москва: Коопсуздук кызматкерлер пландалып жаткан жардырууну токтотууга үлгүрүштү

Москванын аймагында коопсуздук кызматкерлери терракттык жардырууну токтотуп калышты. Жардырууну пландаштырып жаткан жаран кармалгандыгы тууралуу Риа Новости кабарлады.

Анда маалым болгондой, күч түзүмдөрү жардырууну пландап жаткан 21 жаштагы жаранды колго түшүрүшкөн. Ал эл аралык террористтердин тапшырмасы менен бийлик органдарынын имаратынын бирин “жок кылууну” пландаган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн жанынан колго жасалган жардыргыч зат жана аны жасоого жол көрсөткөн террористтер менен жазышкан каттар табылган. Мындан тышкары анда террористтердин берген анты түшүрүлгөн видео да болгон. Жардыргандан кийин шектүүнүн Жакынкы Чыгышка сапар алууга даярданып жатканы белгилүү болду.
Федералдк коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников маалымдагандай, акыркы 10 жылда Орусияда 160тай пландалган жардыруу токтотулду. Анын ичинде 2019-жылы 43 жардыруу токтотулса, бул жылы 20дан ашык жардыруу пландары жокко чыгарылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген