МКК: Баткенде жабыркагандарга 136 документ берилди

Баткен облусунда жабыркагандар 197 документтин 136ын алышты, деп билдиришти мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан.

Ага ылайык, 2-майда мамкаттоо кызматы Баткендеги чек ара жаңжалы учурунда жапа чеккен жарандардын документтерин калыбына келтирүү максатында ыкчам мобилдик топ түзгөн.

Мобилдик топтун мүчөлөрү, облуста убактылуу жашаган бардык пункттарды кыдырып, жоголгон же жок кылынган документтерди калыбына келтирүүгө муктаж болгондордун тизмелери чогултушкан.

Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча 24-майга карата документтерди калыбына келтирүү боюнча 197 арыз кабыл алынды, анын ичинен:

– 79 ID паспорту;

– 14 жалпы жарандык паспорт;

– 60 туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

– 8 нике күбөлүгү;

– 7 өлүм күбөлүгү;

– 19 айдоочулук күбөлүк;

– транспорт каражаттарын каттоонун 8 күбөлүгү;

– КРнын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө 2 арыз.

Арыздардын жалпы санынан 70 пайызын түзгөн документтер жарандарга берилген. Калган документтер даяр болгондон кийин берилет.

Документтерди калыбына келтирүү иштери жарандар үчүн акысыз жүргүзүлөт. Бардык документтердин чыгымдары МККнын кызматкерлери тарабынан Баткендеги чек ара жаңжалынан жапа чеккен жарандарга жардам берүү үчүн чогултулган каражаттын эсебинен жабылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.