Митингде каза болгон Үмүт кичи мекенинде жерге берилет

5-октябрда борбордук аянттагы митинг учурунда 19 жаштагы Алтынбек уулу Үмүтбектин сөөгү бүгүн, 8-октябрда кичи мекенинде жерге берилет. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдирди.

Алтынбек уулу Үмүтбек Лейлек районунун Кара-Булак айылынын тургуну. Ал үй-бүлөнүн жалгыз уулу болгон.

Маалым болгондой, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы, 19 жаштагы жигит катуу жараат алып, ооруканада көз жумганын билдирген. Ал жарылуучу заттан буту жанчылып калганы айтылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген