“Миссис Ош-2018” Айжамал Асилбекова: жеңишке жетүү оңойго турган жок

Ош шаарында алгач жолу үй- бүлөлүү айымдар арасында «Миссис Ош-2018» сынагы уюштурулду. Жеңүүчү болуп ырчы, “Ынтымак” телеканалынын таңкы программасынын алып баруучусу Айжамал Асилбекова табылды. “Өзүнө ишенген айым гана сулуулар сынагына катыша алат” деген кесиптешибиз менен маек курдук.

– Жеңишиңиз кут болсун! Канча айымдын ичинен суурулуп чыгып,  утушка ээ болдуңуз?

-Ош облусунда бул конкурс биринчи жолу болду. Ага облустан келген 26 айымдын ичинен 8и тандалдык.  Катуу таймаш болду, атаандаштарым өтө күчтүү экен. Бирок ошого карабай тырышчаактык менен аракет кылып олтуруп жеңишке жеттим.

-Даярдануу учурунда кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз?

-Таймаш жайында, орозо мезгилине туура келди. Орозо кармап аткам, конкурс учурунда да оозумду ачпадым. Албетте бир аз кыйналдым ачка болуп. Бирок бул мага жардам берет деген терең ишеним болду. Андан тышкары улуттук тамактарды даярдоо бир аз кыйынчылык жаратты. Сүзмөдөн комузумдун элесин түшүрдүм, ал үчүн түнү менен уктаган жокмун. Кыйналып, кээде токтотуп койгум келди, бирок баштаган ишимдин аягына чыгайын деп тырыштым. Кудайга шүгүр, жеңишке жеткенден кийин ал кыйынчылыктардын баары унутулуп калды.

– Кимдер колдоо көрсөттү?

-Менин эң биринчи колдоочуларым- ата-энем, жеңелерим болду. Улуттук тамактар үчүн сүзмөдөн баштап, ичеги- карынга чейин айылдан алып келишти. Андан тышкары өзүм иштеген“Ынтымак” КРТРКсынын жамааты формаларымды алып беришти. Учурдан пайдаланып терең ыраазычылыгымды билдирем.

–  Жеңериңизге ишендиңиз беле?

-Ооба ишенгем. Мен буга чейин эле мектепте, университетте сулуулук конкурстарына катышып келгем, ырдап да жүрөм. Атаандаштарыма салыштырмалуу сахнада жүрүү эрежелерин өздөштүргөм. Ушул сыяктуу тажрыйбаларымдан улам да баары бир жеңем деген ишеним болгон. Андан тышкары атаандаштарыма караганда менин колдоочуларым көп болду, алардын кол чапканы, колдоп- сүрөгөнү да дем- күч берди десем болот.

-Кандай сыйлыктарга ээ болдуңуз?

-Албетте, сулууларга гана тиешелүү болгон таажы кийдим. Кыргызстандын ичинде жана эл аралык сулуулук сынактарына жолдомо, Дубайга жолдомо алдым. Буйруса Дубайга өзүм эмес, ата- энемди жөнөтөйүн деп турам. Андан тышкары демөөрчүлөрдөн сыйлыктарды алдым.

– Аял назик, сулуу дейбиз. Бирок кээде эркектен кем калышпаган, корс аялдарды да кездештирүүгө болот. Аялзаты назиктигин кантип сактап калыш керек деп эсептейсиз?

-Ооба, тилекке каршы сен айткан аялдар коомдо көп эле кездешет. Аларды да туура түшүнүш керек, турмуш ушундай абалга, күчтүү, “эркек аял” болгонго түртсө керек. Бирок аял кандай кыйынчылык болсо да аялдыгын унутпай, эрктүү болушу керек деп ойлойм.

– Адатта 32 жаштагы 3 баланын энеси болгон айымдар сиздей жаш көрүнбөйт. Жаштыгыңыздын сыры менен бөлүшө кетпейсизби?

– Ооба, жаш көрүнөм, бул менин канымда бар. Апам да жашы бир топко барып калганына карабай жаш көрүнөт. Бирок аял жаш көрүнөбү же улуу көрүнөбү, эч нерсеге карабай өзүн карап жүрүш керек. Мен тааныштарыма ичиңди коё бербей тартып жүр, түз бас деген сыяктуу кеңештеримди айтып турам. Келбетине кам көрүп жүргөн айым өзүнө ишенимдүү жүрөт. Андыктан, аял дайыма аял болуп жүрүшү керек дейт элем.

– Эми үй- бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз. Балдарыңызды тарбиялоодо кандай эрежелериңиз бар?

Менин 3 балам бар, Мыктыбек, Медина жана Умар. Төрт жылдан бери балдарымды жалгыз тарбиялайм, бул жаатта мага ата-энем жардам берет. Өзүм баласаак эмесмин, балдарымды катуу кармайм. Ар бир нерсени менден сурап кылышын талап кылам. Балдарым менен чоң адамдардай сүйлөшүп, пайдасыз нерсенин пайдасыз, зыяндуу экенин айтып, көрсөтүп түшүндүрөм.

 

– Жалгыз бой энемин деп калдыңыз, кыйынчылыктарга дуушар болгон учурлар болсо керек? Андан кантип чыгасыз?

– Ооба, кээде өтө кыйналып, чөккөн учурларым болот. “Кайгыргандан пайда жок, каткыргандын карды ток” деп коёт го. Мындай абалга түшкөн кездерде “баары жакшы болот, мунун баары жакшылыкка” деп жолумду улайм. Жыгылган кезде туруп кеткенге болот да, андыктан туруп, жолду улаш керек. Жыгылган бойдон турбай жата берсең жер менен жексен кылып тебелеп кетчүлөр четтен чыгат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген