Мишустин Акылбек Жапаровду министрлер кабинетинин төрагалыгына дайындалышы менен куттуктады

Орусия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Акылбек Жапаровго Министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү.

Ал белгилегендей, Орусия менен Кыргызстан достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер бириктирип турат.

«Өкмөттүк линия боюнча биргелешкен активдүү иштер практикалык кооперацияны мындан ары чыңдоого, жаңы өз ара пайдалуу демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем», – деп айтылат куттуктоо катында.

Михаил Мишустин Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу кызматтагы ийгиликтерди каалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.