Мирбектин жаңы стили кандай сынга кабылды? Видео

Учурунда хит ырлары менен белгилүү болгон  кыргыз эстрада ырчысы Мирбек Иманбековдун клиптеги жаңы образы көпчүлүтүн көңүлүн бурду. Акыркы учурда чыгармачылыкка  сейрек аралашкан Иманбековдун  клиптеги кийген кийимине  сын айткандар көп болууда.

Мирбек Иманбеков буга чейин аткарган “Жаным” деген ырын Наргиза Айтемирова менен жаңылап дуэт ырдаган. Музыкасы да заманбап стилде жазылган. Клиптен байкаганыңыздардай эле, эки ырчынын образы мурунку клиптерине салыштыра келгенде башкача.

Көпчүлүк ырчы мырзанын көйнөгү жок костюм кийгенин талкууга алышкан. Кээ бирлер бул стилиң жарашпаптыр, өзүң эле ырдап чыкпапсың  деген пикирлерин калтырса, айрымдары жаңы образ менен хайп жаратайын дегенсиңер го деген билирүүлөрүн калтырышкан. Ал эми Наргиза Айтемированын денесине тартылган татуировкасы да көрүүчүлөргө жакпады көрүнөт. Клип 3-апрелде ютуб каналына жүктөлүп, 1 күндө  23 миңге жакын көрүүчү көргөн.

 

  

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген