Министрлик вируска кабылган депутаттардын атын атоо этикага туура келбесин билдирди

Коронавирус жуктуруп алган депутаттардын аты-жөнүн жарыялоо этикага туура келбейт. Мындай пикирин бүгүн, 25-июнда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Маалымат жыйында ал бир катар суроолорго жооп берди:

“Коронавирус жуктуруп алган депутаттардын фамилиясын айткан этикага туура келбейт. Азыркы күндө алар Республикалык инфекциялык ооруканасында дарыланып жатышат. Бүгүнкү күнү жалаң эле Ак Үйдө эмес, бүт министрликтерде коронавирус аныкталып жатат. Басма сөз кызматынын кызматкерлеринен дагы тастыкталууда. Ак Үйдүн карантинге жабылышы комиссия аркылуу чечилет. Комиссия изилдеп чечим кабыл алынат”, – деди Каратаев.

Жалпы – 43. Вирустан дагы бир адам каза болду

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.