Министрлер кабинетинде пенсияны жогорулатуу маселеси талкууланды


Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 5-августта Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиевди кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетитинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта, кеңешменин жүрүшүндө социалдык фонддун иши, анын ичинде пенсиялык камсыздоонун учурдагы абалы каралганы айтылат.

Социалдык фонддун төрагасы үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин пенсияларды жогорулатуу механизмдери жана пенсиялык камсыздоо тутумун реформалоонун негизги артыкчылыктары, анын катарында пенсияны дайындоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү тууралуу маалымат берди.

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов белгилегендей, пенсиялык камсыздоо тутумун реформалоо жарандарга карата акыйкаттуулукту сунуштап, мурда төлөнгөн суммага шайкеш пенсия менен камсыздоосу тийиш.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.