Министрлер кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Өкмөтүнүн Евразия маселеси боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй менен жолугушту.

Акылбек Жапаров белгилегендей, биздин өлкө Кытай менен мамлекеттер аралык мамилелерди жана көп кырдуу кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана келерки жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет.

«Бул жылдар аралыгында өз ара аракеттешүү аркасында өлкөлөр коңшулук, достук, ишенимдүү мамилелерди куруп жана сактап келүүдө. Биздин кызматташтыгыбыз эки өлкө элинин түпкү таламдарына жооп берген бардык маселелер боюнча өз ара колдоо көрсөтүү жана туруктуу өнөктөштүк менен мүнөздөлөт», – деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле «Бир алкак – бир жол» доктринасы алкагында кызматташууну мындан ары активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Ли Хуэй өз кезегинде эки өлкө ортосунда эки тараптуу мамилелердин жана ар тараптуу кызматташтыктын жогорку деңэгээли орун алгандыгын белгиледи.

«Кытай Эл Республикасы келечекте Кыргыз Республикасы үчүн ишенимдүү кошуна жана өнөктөш бойдон кала берет. Биз мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз», – деди ал.

Ли Хуэй белгилегендей, кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээли жалпы региондун коопсуздугун камсыз кылууга маанилүү салым кошууда.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрүү пункттарында жүк ташуу көлөмүн жогорулатууну талкуулашты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.