Министрлер кабинети “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын бекитти

Кыргызстандын жарандарын арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында, министрлер кабинети “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасын бекитти.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, чечимге ылайык, «Менин үйүм 2021–2026» турак-жай программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы да бекитилип, бул программанын катышуучуларын тандоонун тартиби аныкталды.

Белгилей кетсек, өкмөттүн “Арзан турак жай 2015–2020” программасынын катышуучулары “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасынын катышуучуларынын тизмесине киргизилген.

Чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду жана расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.