Министрлер кабинети майыптыгы барлар үчүн реабилитациялык борборду ишке берүүгө 3 млн сом бөлдү

Министрлер кабинети майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборду ишке берүү үчүн 3 млн сом бөлдү.

Бул тууралуу “Өмүр булагы” кайрымдуулук марафонунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда майыптыгы бар балдар үчүн “Алтын балалык” реабилитациялык борборун ишке берүүгө каражат чогултуу боюнча “Өмүр булагы” кайрымдуулук марафону өтүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.