Министрлер кабинети “Гик Кайди” компаниясын текшерүү үчүн комиссия түздү

Министрлер кабинети тарабынан “Гик Кайди” компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн тийиштүү тармактардагы адистерден куралган 14 адамдан турган атайын комиссия түзүлүп, ишин баштады.

Мындай аракеттер өлкөнүн кен байлыктары өндүрүшү тармагындагы мыйзамдуулукту бекемдөө жана тартипти бекемдөөгө багытталган. Комиссия курамы “Гик Кайди” компаниясы тарабынан иштетилип жаткан Чоң-Алай жергесиндеги кен өндүрүү ишканасына барып, тийиштүү маселелерди жеринен карап чыгат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев “Гик Кайди” компаниясы тарабынан Чоң-Алайдагы кенден казылган концентрат мыйзамсыз жол менен Кыргызстандан чыгарылып кеткенин билдирген болчу. Бирок компания жетекчилиги депутаттын бул билдирүүсүн жалган маалымат катары сыпаттаган. Өлкөнүн бажы кызматы дагы концентрат мыйзам чегинде чыгарылганын билдирген.

Комиссия ишмердүүлүгүн Президенттин Ош облусундагы өкүлү менен биргеликте жумуш алып барууда. Укук коргоо органдарынын тийиштүү кызматкерлери комиссия курамына камтылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.