Министрдин артынан элчи дагы кызматтан кетти

Кыргызстандын Кореядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси  Султан Кылычбек кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка президент  Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эскерте кетсек, бүгүн эле ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаевдин кызматынан алынган.

Андан мурун министрлик менен элчинин ортосунда пикир келишпестик жаралып, аны Коопсуздук кеңеши иликтеген. Жыйынтыгында  эки тараптан тең мүчүлүштүктөр кеткени аныкталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген