Министр: каникул учурунда балдарды эч жакка жибербөө керек

Каникул учурунда балдарды эч жакка жибербөө керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүнкү билдирүүсүндө айтты.

“Илдет катталган мамлекеттерден келип, оорунун клиникалык белгилери болсо, тез арада дарыгерге кайрылгыла. Сыртка чыкпай, өзүнчө бөлмөдө жатып, дарыгерди күтүш керек. Колду самын менен жууп, антисептиктерди колдонгула. Зарыл болбосо көп адам жүргөн жерге барбоону сунуштайт элем”, – деди Космосбек Чолпонбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда алгачкы ирет коронавирус катталды.

Кыргызстанда коронавирус катталды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген