Милиция аба-ырайына байланыштуу айдоочуларды этият болууга чакырат

Жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо кызматы айдоочуларды этият болууга чакырат. Аны менен бирге  унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга өз маалында алмаштырууну эскертти. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Буга чейин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 13-14-октябрь күндөрү карга айланган жаан жаайт деген маалымат тараткан. Мындан улам, Ош-Бишкек жолунда , Төө-Ашуу менен Боом капчыгайында этият болууга чакырат.

Мындан тышкары, айдоочулар унаа арасындагы аралыкты сактап, мүмкүн болушунча түн ичинде жолго чыкпоого эскертти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген