Миграция: өз мекенине кайткандардын жумушсуздугу

Чет мамлекетте эмгек миграцияда жүрүп, кайра Мекенге кайткан жарандарда жумушсуздук маселеси жаралат. Ош шаарында жана Ош облусунун 3 районунда расмий түрдө жумушу жок, каражаттан кыйналган 420 үй-бүлө (Калктын аялуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү фондунун эсептөөсү боюнча) бар экендиги аныкталды.

Ош шаарынын тургуну Шоира Кучкарова буга чейин Казакстанда жети жыл иштеген. Ал жогорку билими жок болгондуктан күнөсканада эмгектенип келген. Үй-бүлөсүнүн жанында болоюн деп, өз жерине келгени менен азыр жумушсуз:

“Кыргызстанга келгенден бери үйдөмүн, эч жерде иштебейм. Үч балам бар. Ата-энем болуп чогуу жашайбыз. Алардын 7 миң сомдон алган пенсиясы тиричиликке жетпейт. Апамын буту ооругандыктан каражат негизинен дары-дармекке кетет”.

Экономика жаатындагы серепчи Эрлан Камаловдун айтымында, мигранттар жумуш жок деп отурбай, бизнестерди баштаса болот. Бирок чет жерде жылдап тапкан каражаттарын максаттуу пайдалануудан аксашат. Акчасынын негизги бөлүгү ысырапкерчиликке алып келген той-аш, шаан-шөкөттөргө жумшалат.

Эрлан Камалов – Экономика жаатындагы серепчи

Финансылык сабаттуулук – бул киреше жана чыгашаларга анализ жүргүзүү, акчаны туура колдонуу жана каражат табуу жөндөмдүүлүктү арттыруу менен өз келечегине кам көрүү. Кыргызстанда аталган тармак боюнча кеңеш берген бир топ адистер бар. Алардын катарын финансылык консультант Аксана Рыскулова толуктайт. Ал жер-жерлерге барып бизнес-тренингдерди өтүп жүрөт.

Финансылык консультанттан акчаны сарамжалдуу пайдалануу боюнча кеңештер:

  • Чыгаша кирешеден көп болбошу керек;
  • Акчаны өзүнөн-өзү көбөйүшүнө шарт түзүү. Тагыраагы, тапкан каражатыңыздын баарын коротпой, кайра ишке киргизип, көбөйүшүнө шарт түзүңүз. Мисалы, банкка (депозитке) сактаңыз же кичи бизнеске салып, кирешеңизди арттырыңыз;
  • Капчыкка салынган он тыйындын тогузун гана сарптоо;
  • Чыгашанын ар бирин эсепке алуу.

Миграция концепциясын түзүү боюнча мамлекеттик уюмдун мүчөсү Акылбек Ташбулатов эмгек рыногунда кайсы адистерге суроо-талап көп болорун талдап туруу зарыл дейт. Себеби, бир кесипти ченемден ашык санда адам үйрөнсө, жумуш орун жетпегендери миграцияга дуушар болушат. Чет мамлекеттерде убактылуу иштеп, өз мекенине кайтканда кайра эле жумушсуздукка кабылышат:

Акылбек Ташбулатов –
Миграция консепциясын түзүү боюнча мамлекеттик уюмдун мүчөсү

Кыргызстанда жарандарды жумуш менен камсыздоого көмөктөшкөн эл аралык уюмдар бар. Алар ишкердик боюнча окутуп, бизнес баштоого каржылык колдоо да көрсөтүшөт.


Назира Раимжанова

“Жарандардын техникалык көңдүмдөрү жетишсиз болсо, анда ишкерлигин өнүктүрүп кете албайт. Биздин уюм облустун тоолуу аймактарында ишкерликти жаңы баштагандарга теория менен практиканы айкалыштырып, колдоо көрсөтүп жатабыз. Учурда биз жардам берген ишкерлер кол өнөрчүлүк, балчылык, малчылык боюнча туруктуу киреше таап жатышат”,- деди “Бай Алай” долбоорунун адиси Назира Раимжанова.

Калктын аялуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү фонду Ош облусундагы үч райондон жана Ош шаарынан ички-сырткы миграциянын айынан жумушсуз жүргөн 420 үй-бүлөнү тизмектеди. Учурда иш сурап кайрылган жарандарга акысыз кеңеш берилип жатат.


Зейнеп Эшмуратова –
Калктын аялуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү фондунун жетекчиси

Ош облусунун тургуну Миясорхан Нарматова бир нече жыл мурун Орусияда ашпозчу болуп иштеп келген. Бирок, алыста жүргөндүктөн балдарын, үй-бүлөсүн сагынып, куса болгон. Кыргызстанга кайтканда кантип киреше табам деп түйшөлүп келген. Анткен менен үй-бүлөсүнүн жанына кайтканда жумушсуздуктан кыйналган жок. Мигрант болуп жүрүп үйрөнгөн кесибинин пайдасы тийип, азыр окуу борборунда ашпозчулук боюнча сабак берет.

Ал эми Ош шаарынын тургуну Советбек Молтонов Орусиянын Москва шаарында алты жыл иштеп келген. Ресторандарда жалданма жумушчу, официант болуп иштеп, көп тажрыйба топтогон. Ал азыр өз жеринде ийгиликтүү ишкерлердин катарын толуктайт.


Советбек Молтонов

Москвадан иштеп көп деле акча чогулткан жокмун. Жыйнаган каражатым ишкерлик баштаганга жетпейт эле. Ал жактан эң негизгиси кафе-ресторан бизнесинде кандай эрежелер бар экенин биле алдым. Маселен, кандай азык-түлүк сатып алыш керек, кантип колдонуу керек дегендерди үйрөнүп келгем. 2013-жылы Кыргызстанга кайтканда тууган-урук,достордон акча алып анан суши-бар ачтым”.

Каарманыбыз суши-бар ачканда эле бизнеси дароо өнүгүп кеткен жок. Алгачкы жылдары кардарлар эле эмес, суши жасоону билген адистер дагы аз болгон. Бирок, бул абалдан Советбек Молтонов Орусиядан алган тажрыйбасы менен чыга алды. Ал кардарларды жапон ашканасына үйрөткөн. Маселен, таякчаны кармоо жана имбирь, васаби сыяктуу азыктардын өзгөчө даамдуу, пайдалуу экендигин жайылткан.

2013-жылдан бери Советбек Молтонов ишкерлигин өнүктүрүп келүүдө. Учурда 20 адамды иш менен камсыздаган тамактануучу жайдын ээси.

2020-жылдын тогуз айына алынган статистикага ылайык, бул жылы Орусиядан мигранттардын көпчүлүгү өз жерине кайтып келишкен. Тактап айтканда, 2019-жылы Орусиянын өзүндө 728 000 кыргызстандык бар болсо, пандемия учурунда бул көрсөткүч 700 миңге түшкөн. Кырдаал турукташа баштагандан тарта кайра чет мамлекеттерге кетип жаткандардын саны өсө баштады:

  • Орусия – 700 000;
  • Казакстан – 35 000;
  • Түркия – 30 000;
  • Германия – 8 575;
  • Түштүк Корея – 6 550;
  • Бириккен Араб Эмираттары – 5 500.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 637 миң адам экендиги расмий айтылган.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.