Мигранттын мектеби: мекендештерди түйшөлткөн беш окуя

Орус тилин үйрөнүшүм керек, полиция менен кантип сүйлөшөм, “кара тизмеден” кантип чыгам, фамилиямды өзгөртүшүм керек… Миграцияга байланыштуу ар кайсы маселелери менен Ош, Жалал-Абад, Баткендин тургундары мигранттын мектебине кайрылышат. Аларды юридикалык гана суроолор эмес, миграциялык агым менен кошо келген үй-бүлөлөлүк өтө назик көйгөйлөр да ойлонтот.

“Мигранттын мектеби” долбоору төрт ай мурун башталган. Түштүктөгү үч облусту камтыган программаны “Благодать” коомдук уюму ишке ашырууда. Мындагы юристтер жана психологдор потенциалдуу мигранттар, алардын үй-бүлөлөрүнө юридикалык жана психологиялык көмөк көрсөтүшөт. Долбоордун психологу Надежда Домашева менен бирге мигранттарды эң көп түйшөлткөн маселелер боюнча сүйлөштүк.

Батирден да, акчадан да жок

Алтынбек (аты өзгөртүлдү) Орусияга барары менен шылуундардын торуна илинген. Бирөөдөн батирди жарым жылга ижарага алууну келишип, акыны ага алдын ала төлөгөн. Анан буюм-тайымын чогултуп, тапкан үйүнө көчүп келсе, ушул эле батирди ижарага алган дагы төрт үй-бүлө турат. Көрсө, батирдин ээсимин деген адам бир эле Алтынбекке эмес, дагы төрт адамга ачкычты берип, акчасын алдын ала чогултуп кете берген. Үйдүн ээсимин деген адам чыныгы кожоюндан батирди бир суткага ижарага алган да, жасалма документтер менен беш адамды арзан баа менен азгырып, сызга отургузган. Ошентип, беш үй-бүлө акчадан да, батирден да жок көчөдө калышты.

Батирди ижарага аларда шашпай документтерди карап, келишимдин аныктыгын текшерип, андагы жазылганды аягына чейин окуп чыгуу керек.

Карайлаткан “кара тизме”

“Кара тизме” боюнча жардам сурагандар аябай көп. Телефонго төлөбөй же насыя алып, анан автоунаа менен мекенине кайтып келе бергендер же алар олуттуу деп эсептеген мыйзам бузуулар үчүн тизмеге илинип калышат. Алар аты-жөнүн өзгөртүп, апасы, чоң энесинин фамилиясын алып, Орусияга кайра сапар тартууну көздөшөт. Бирок бул өтө кооптуу. Анткени азыр биометрикалык маалымат деген бар, сен Абдуллаев болосуңбу же Бекмуратовбу, система баарын көрүп-тааный алат. Мынтип тобокелдикке баргандар кара тизме эле эмес, депортацияга кабылышы мүмкүн. Документти жасалмалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги да каралганын айтабыз. Ошентип, бизге кайрылган, мисалы, 20 адамдын жарымы алып алган билеттерин тапшырып, бул жакта калышты. А калгандарынын тагдыры эмне болгону бизге белгисиз.

Ушинтип карайлап, кантсем дегендерден пайдаланып, акча иштегендер өзүнчө маселе. Ошол эле кара тизмеден текшерип берем деп, тургундардан 1000 сомдон алгандарга эмне десе болот?

Ата-энеси бар жетимдер

Миграциялык агым бул жакта калган чоң эне, таенелерди да түйшүккө салууда. Уулу үй-бүлөсүн таштап, Орусияга кетет. Биринчи жылы балдарына жакшы эле акча салат, экинчи жылы жардамы азаят, кризис дейт. Анан эле дайынсыздык башталат. Бул жакта аялы менен балдарды пенсияга жашаган чоң эне же таенеси багат. Бүт түйшүктү же жалгыз бой аял өз мойнуна алат. Же эң жаманы  – аял да күйөөсүнүн артынан кетет… Балдарды ойлошпойт. Мындай окуялар бизде абдан көп.

Ушул тапта биз пенсионер аял менен иштеп жатабыз. Уулу менен келини Орусияга кеткен, бул жактагы баласына каралашышпай койгон. Көрсө, алар ошол жакта ажырашып, экөө тең башка адамдар менен турмуш куруп кеткен. Арзыбаган пенсиянын көзүн караган чоң эне эрезеге жетип калган баланы бакканга алы жетпейт. Бизге келип, небересин интернатка жайгаштырууну суранды. Юрист азыр өспүрүмдү Алайдагы интернатка жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бала 14 жашта, ал Оштон алыстагы, бейтааныш айылга кеткиси жок. Мен психолог катары сен ата-энеңдин тагдырын кайталабашың керек, чыдап окууну бүтүп ал деп түшүндүрүү иштери менен алекмин.

Окусаң да короо шыпырасың, окубасаң да короо шыпырасың

9-класстан кийин окууну уланткысы келбегендер аябай көп, айрыкча уул балдар. Албетте, бул акчага, анан алардын ата-энеси, туугандарынын баары Орусияда жүргөнүнө байланыштуу. Бизге 14-15 жаштагы балдар келет.

-Билимиңер жок. Бөтөн жерде ким болуп иштеп, кантип акча табасыңар?

-Билимдүү болсоң да, баары бир короо шыпыргыч же унаа жуугуч болуп иштейсиң да.

– Силер эмне бир өмүр короо шыпырып, кар күрөп же курулушта жүргүңөр келеби? Оюңардан кайтып, андан көрө окугула.

– Азыр барып, акча чогултуп, анан бул жакта бизнес ачабыз.

Бизге келген өспүрүмдөр менен маек адатта ушундай өңүттө. Алар эмитен өздөрүн экинчи сорттогу адам сезишет. Жолугушууларга келген улан-кыздардын ар бир экинчиси чет жакка кетерин айтат. Эми алар кыялдангандай, акча чоглутуп келип эле бизнес ачып кетишсе гана. Чындык кандай болорун убакыт көрсөтөт.

Ичпей-жебей топтогонуң тойдон ашпайт

Нурбекти (аты өзгөртүлдү) Орусияда автоунаа коюп кетип, катуу жаракат алган. Үч жыл тынбай иштеп, эми эмгекке жарабай калганда мекенине кайтат. Бул аралыкта ичпей-жебей, уктабай салган акчасына ата-энеси үйдү бүткөрүп, пландаган нерселерди сатып алып койгон деген ишеничте болчу. Бирок келсе эле баягы бүтпөгөн там ошол бойдон кыймылдаган эмес, чарбада жарытылуу өзгөрүү жок. А ай сайын салган акча кайда кетти? Ата-энеси күздө апта сайын кеминде эки тойго барат. Айылда айлык аз, пенсия аз, ичип-жешет. Нурбек ата-энесине таарынычын айтып, бизге кайрылган. Үч жылдык мээнетинин акыбети көрүнбөсө, эми жарым жыл ал ден соолугун калыбына келтирүү үчүн жумушсуз жатса, анын абалы да аянычтуу. Мурда ата-энелер уул-кызы иштеп салганын тыйындап топточу. Азыр эми көпчүлүк жан бактылык (иждивенченство) сезимге алдырып койгону – жашоо чындыгы. Мындай окуяларын айтып, бизге кайрылган жаш жигиттер аябай көп болду.


Надежда Домашева мигранттар бет келген ар кандай окуяларды сааттап айтып бермек. Кайрылгандардын ар бирине психологиялык, юридикалык көмөк көрсөтүшөт. Орусияга кеткени жаткандарга орус тилин үйрөтүп, эң жөнөкөйү – коомдук жайларда өзүн кантип алып жүрүү, иш берүүчү же полиция менен кантип сүйлөшүү керектигинен тарта батирди ижарага алуу же эмгек келишимдерин түзүү боюнча жол-жоболорду көрсөтүшөт.

Апта сайын Оштон Орусиянын ар кайсы шаарларына кеминде 200 адам учак менен кетсе, күн сайын 200 адам (анын ичинде Өзбекстан, Тажикстан жарандары) автобус менен жөнөйт. Демек, аларды чет жактагы жумушка жана жашоого даярдоо, укук-милдеттерин түшүндүрүүнүн актуалдуулугу да күн санап жогорулоодо. Кыска мөөнөткө гана пландалган “Мигранттар мектеби” долбоору эми өзүнчө уюм катары түптөлгөнү жатат.

Миграцияга байланыштуу суроолор болсо, Оштогу “Благодать” коомдук фондунун мигранттар мектебине кайрылсаңыздар болот. Дареги: Ленин көчөсү 205 (облустук профсоюз имараты), 213-214-кааналар. Телефон: (03222) 4 66 11, (03222) 2 52 57. Юрист – 0555 54 33 53, психолог – 0555 84 01 09.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген