Мамлекет мигранттардын балдарынын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Видео

Өткөн жылы Ош шаарында 264 жаш балдарга карата зомбулук фактысы катталган. Ал эми жыл жаңыраары менен жеңеси тарабынан токмоктолуп, каза болгон 2 жашар баланын өлүмү коомчулукту дүрбөлөнгө салды.

Бул маселе өкмөттө да каралып, тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Учурда өлкө боюнча туугандарынын колунда тарбияланып жаткан мигранттардын балдары каттоого алынууда. Максат жакындарынын колунда калган наристелердин коопсуздугун камсыздоо.

Бирок, мындай иш аракеттер канчалык деңгээлде аларга көрсөтүлүп жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алаарын убакыт көрсөтөт.

“Өңүт” программасы тийиштүү кызмат өкүлдөрү менен  канткенде жаш наристелерге карата көрсөтүлүүчү зомбулуктун алдын алууга болот? деген теманын алкагында талкуу жүргүздү.

Берүүнү толугу менен төмөнкү видеодон көрүңүздөр.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген