FB Twitter YouTube Одноклассники

Мигранттар дүлөй балдардын мектебине жардам көрсөттү

Бүгүн, 11-апрелде  Кара-Суудагы атайын дүлөй балдардын жатак мектеби ашкана эмеректери менен толукталды.

134 миң сомдук эмеректерди Орусиянын Новосибирск шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте Тышкы иштер министрлигинин түштүк регинонундагы ыйгарым укуктуу өкүлүчүлүгү сатып беришкен.

Аталган өкүлчүлүк буга чейин жатак мектепке керебет жана компьютерлерди белек кылышкан.

 “Майрам сайын белек-бечкектерин тартуулап турабыз. Бүгүн да куру кол келбей, балдар үчүн шириндиктери ала келдик”, – деди  Новосибирск шаарындагы кыргыз  диаспорасынын жетекчиси Каныбек Акаев.

Кара-Суу районунда жайгашкан атайын дүлөй балдардын жатак мектебинде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген балдар окушат. Учурда 172 окуучу тарбияланууда

  

  

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz