Мигрант келин: Кызым мени “лөлүсүң” деди. Жашоо мени азабына эле жараткан окшойт…

Түйшүктүү турмуш оор жүгүн арткан, аягы жок маселелер желкемден ылдый баскан жашоомду карап олтуруп, менден көрө эшиктеги камы жок, көйгөйү жок иттин жашоосу жакшы деп ойлой берем. Мендей болуп ыйлап, мендей болуп туулган жерин сагынган, кээ бир орустардын жекирүү менен караган көз караштарына араң туруштук берип, Кыргызстандагы эрлерин баккан аялдар миңдеп саналат тилекке каршы. Чынымды айтайын, кээде бул мени сооротот, мен эле кыйналып жаткан жокмун, мага окшогондор толтура дегенге жакшы да… Эгер мындай абалга кептелишибизге ким себепкер десеңиз, анда эркектерибиздин эркек эмес экени деп жооп бермекмин.

Үй-бүлөдө эки уулдун ортосундагы жалгыз кызмын. Бир туугандарымдын улуусу болгондуктан, ата-энемдин илең- салаң өткөн жашоосун, бирде жетишип, бирде жетишпеген турмушун көрүп, жон терим менен сезип чоңойдум. Бала кезиме кылчайып карасам, апамдын ар дарактын башына бир асылып отун издеп жатканы, бирде арабаны суйрөп дүкөндөн ун жүктөп келе жатканы же баарыбыздын айрылган байпактарыбызды чогултуп алып жамак салып атканы көз алдыма тартылат. Ал эми атам тоону томкоруп койгонсуп, аракка чулганып жатканын эстесем ушунчалык зээним кейип, апамды аяп кетем. Ичип алып эле тим жатса мейли го, апамы ашата сөгүп, жетишпей жашаган тууган- уругуна асылып, бечера апамын сай- сөөгүн сыздатаар эле, көгала кылып урган күндөрү далай эле болду. Атам эч жерде иштечү эмес, үчөөбүзгө келген жөлөк пулга күн көрчүбүз. Бир гана кыялым- атам жоопкерчиликтүү болсо, арак ичпей иштеп, үйгө тамак- аш алып келсе дээр элем.

Чоң атамдын атасынан калган, сырты көчкөн, жепирейген үч бөлмөлүү үйдө жашачу элек. Эсимде, 5 же 6- класста окусам керек, короонун ичиндеги жаңы тигилген көчөттөрдү мал жебесин деп ылай менен шыбап жаткам. Жаныман эки классташ балдар өтүп кетишти, нарыраак барганда “ээй, көчөттөрүңү коюп үйүңүн сыртын шыбап койсоң боло” дешип каткырып күлүп кетип калышты. Ушунчалык уялганыман буулугуп ыйлагам. Мындай кемсинген учурлар көп эле болду, бирде жупуну кийимимден уялып, бирде мас болуп көчөдө жаткан атамын айынан өзүмдү жерге теңечүмүн.

Ошентип баягы эле жокчулук жашоодо жашап жүрүп 9- классты аяктадым. Ал учур эл Орусияга жаңыдан келип жаткан маал эле. Келечекте окусам, билим алсам, мугалимдик кесипке ээ болсом дегенде эки көзүм төрт болчу. Бирок апамдын кыйналганын, өзүнүн жашынан бир топ улуу көрүнүп тез эле картайып баратканын, буга себеп атамын иштебей, апама жүк болуп жатканын көрүп кыялдарыман баш тарттым, апама эриш- аркак болууну чечтим.

Татаал турмуш ойноп- күлөөр, атама эркелеп, энемин мээримине ороноор кезимде, 15 жашымда Орусияга алып кетти. Алгач таяке, таэжелериме кошулуп, “дворник” болуп иштей баштадым. Жумуш аябай оор болчу, таштандыларды ташып, калчылдаткан ызгаарда кар күрөчү элем. Ал күндөрдү эстеп, бир суроого азыр деле эч жооп таба албай келем. Эмне үчүн таэже, таякелерим кичине да жардам кылып койбогон, мени аяп койбогон? Өздөрү кабат- кабат төшөктөргө оронуп жатып, а мени кар күрөгөнү чыгарып коюшчу. Илмеңдеп арааң эле кыймылдап, ыйлап- ыйлап алып ишими кыла берчү элем. Иштеримди бүтүп киргенде бутум суу болуп калчу, өзүм калчылдап үшүп, бир топко барып арааң ысычу элем. Ойлонуп жатып апама жардам берээримди, акча жибергенде апамын сүйүнөөрүн эстегенде кадимкидей чыйрала түшчүмүн, мунун баары убактылуу экендигине ишенчү элем.

Жылдар өтө берди, 16га чыктым, анан 17, 18, 19…..Ошол жылдарымын баары орустардын карын тазалап, таштандысын ташуу, кабат үйлөрүнүн тепкичтерин жуу менен өттү. Таштандыдан чыккан тазаараак кийимдерди кийип, чогултуп жүрүп, “гордеробумду” да бир топ эле кеңейтип алдым. Тапкан акчаман өзүмө бир аз алып калам да, калганын бүт апама салам. Орусияда иштегениме 5 жыл болгондо ата- энеме жаңы үй тургузуп бердим, анан ичин толтурдум. Жакындарымдын эл катары түзүгүрөөк жашап калгандарына сүйүнүп, кудуңдап жүрдүм ошол кездерде. Бирок атам дагы деле ичкилигин таштаган жок….

21 жашымда бир жигит менен тааныштым, мага жакты. Ушунча жыл иштедим, ата- энемди буттарына тургуздум, эми аял болуп, назик болуп жашайм, мага кам көргөн адам пайда болду деп аябай кубанганым эсимде. Турмуш курдук, бирок жолдошумун үйү эмес, үй салганга жери да жок экен. Эми өзүмө үй салуу үчүн иштей баштадым, ал ортодо эки балалуу болдук. Учурда кызым менен уулумду апам карайт. Таңдан кечке пол жууп иштейм, бир жерден 15 миң алсам, дагы бир жерден 20 миң кылып олтуруп 60 миңге жакын айлык алам, бирок бул акчаны алыш үчүн күнүгө алтымыш жолу тоголонуп, алтымыш жолу турушум керек болот. А жолдошум болсо сүйлөшүп жүргөндө эле көзүмө “жентельмен” көрүнгөн экен. Турмуш кургандан кийин жеткен жалкоо, тамаксоо болуп чыга келди, ишке бир күн чыкса, үч күн үйдө жатат.

Алган айлыгыман балдарыма салам, жолдошуму багам, квартиранын акчасын төлөйм, эптеп ашырып жер алам деп чогултам. Бирок качан жер алып, качан үй салам билбейм. Кээде алты саным аман кезде иштей берейинчи наалыбай деп ойлоном, бирок жаштыгым, өмүрүм өтүп баратпайбы. Кызымдын, уулумдун тарбиясы эмне болду, уулум дагы атасындай, таятасындай жоопкерчилиги жок, иштебеген эркек болуп чоңойсочу деп коркуп кетем.

Быйыл Орусияда  жүргөнүмө он эки жыл болуптур, дагы деле орустардын эски кийимдерин кием, өзүмөн тамак аяп, ишке барганда нан менен эле айран ичип алам. Буга деле мейли эле, үй даяр болгондо үйлөнүшкөн эки иним: “балдарыңды апкетпейсиңби, биз милдеттүү белек караганга” деп күйдүрүштү. Жолдошум болсо жумуштан чарчап келгеними көрүп турса да: “аялдай болуп күнүгө даамдуу, түрлүү тамактарды жасабайсың” деп жүрөгүмдү оорутат. Бир күнү балдарым менен сүйлөшөйүн деп апама чалдым, кызым телефонду алып эле: “сен лөлүсүң, бизге келбейсиң, сүйлөшпөйм сени менен” деп өчүрүп салды. Атам менен жолдошум иштерман болгондо, өз милдеттерин билгенде мындай кыйынчылык көрбөс белем, ким билет. Мени жашоо азабына гана жараткан окшойт…

Сүрөттөр интернеттен алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген