Microsoft Word программасынын сүрөтүн тактайга тартып, окуучуларга компьютерде иштегенди үйрөткөн мугалим

Гана мамлекетиндеги мугалимдердин бири окуучуларга эч кандай компьютери жок эле компьютердик технологияда иштөөнү үйрөтөт. Сабак учурундагы мугалимдин сүрөтү социалдык тармактарга тарап, Facebook колдонуучулардын көңүлүн бурган.

Кумаси шаарында төрөлгөн Ричард Аккото кара тактайга Microsoft Word программасынын сүрөтүн тартып, окуучуларга компьютерде иштөөнү үйрөтөт.

“Ганада маалымат технологиясын үйрөтүү чындыгында күлкүлүү”,- деген сөздөрдү жазып, сабак өтүп жаткандагы сүрөтү менен бирге өзүнүн  Facebook баракчасына жайгаштырган.

Кесибин сүйгөн мугалимдин сүрөттөрү социалдык тармактарга  тез эле жайылып, жыйынтыгында  Microsoft компаниясы Ганадагы окутуучуга жаңы компьютер жөнөтөөрүн убадалашкан.

“Тандап алган кесибимди жана студенттеримди аябай жакшы көрөм. Ошондуктан менин өткөн сабагым аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушу үчүн эмне кылыш керек болсо баарын кылам”,- дейт жаш мугалим.

Ричард Аккото иштеген мектепте компьютер жок. Бирок маалымат технологиясынын өнүгүп турган учурунда компьютер менен иштегенди билүү зарыл экендигин билген мугалим окуучуларына кара тактайчанын жардамы менен компьютердик билимин жогорулатууну чечкен.

“Мен бир эле жолку сабагымдан алынган сүрөттү Facebook баракчама киргизгем. Бирок  мынчалык популярдууу болот деп ойлободум эле. Мындай жол менен билим берүү мага нормалдуу эле көрүнүш. Кайсы класстык бөлмөгө кирсем да Microsoft Word программасынын сүрөтүн тартып, ошол аркылуу сабак өтөм.”,- дейт Ричард Аккото.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.