Миңден ашык унаа номуру. Кыргызстандык коллекционердин өзгөчө хоббиси

 

Коллекционер Александр Соколинскийдин эски кадиллагы бар, өзү 1990-жылы чыккан бюикте жүрөт. Ал Американын ретро унааларын гана баалабай, машиналардын номурдук белгилерин да топтойт. Автотехниканын мындай бөлүгүнө кызыккандардан Кыргызстанда экөө гана бар.

Александрдын жашоосу эч өзгөчөлөнбөйт. Кабриолеттерди, алардын сүрүлмө чатырларын оңдоо менен алектенет. Иш нугунда андан хоббиси тууралуу сурап калсаң, көзүндө от пайда боло калат. Коллекционер өз топтомундагы номурдук белгилер  тууралуу сааттап айтса да сөзү бүтпөйт. Башкалар үчүн булар темирдин бир бөлүгү болсо, ал номурлардан ар кайсы өлкөлөрдүн тарыхын окуй алат.

Унаалардын номурдук  белгилерин топтоо

Александр Соколинский унаа номурларын үч жыл мурун топтой баштаган. Баары гараж сатып алганда башталды. Александр анын ичин кооздогусу келип, дубалга бир нече унаа номурларын илип койду да, ушундан уланып кетти. Алгачкы номурларды ага достору, ал тургай маичилер алып келип беришти.

Александр Соколинский гаражы тууралуу

– Мен Америка унааларынын сүйүүчүсүмүн,  штаттардын номурун алгым келчү. Бирок бул оңой эмес экен – калифорниялык номурдан башкасын таба албадым, – дейт коллекционер.

Номурларды алуу кыйын эле, интернет жардамга келди. Алгач Александр ар кандай сайттарды карап, ушул иш менен алектенген коллекционерлер бар экенин билди. Кесиптештери менен алмашып отуруп, үч жылда ар кайсы өлкөдөн миңден ашык унаа номурларын топтоду.

Коллекциясында совет доорундагы номурлар бар.  Жазуулары өчө баштаган номурларды ал таштанды жана металл кабыл алуучу жайлардын тапкан.

1968-жылдагы унаа номурлары

Александрдын айтымында, азыр колдонулбай, табууга кыйын болгон номурлардын гана коллекциялык баалуулугу бар. Ар биринин  өзгөчөлүгү болот, жөнөкөй көрүнгөнү менен чанда кездешиши мүмкүн.

– Мисалы, менде аюу сымал канадалык номурлар бар. Эки гана штатта чыгарылат. Жумуртка түрүндөгү номур бар. Аны 1980-жылы Германияда чыгарышкан.

Александр Соколинскийдин топтомундагы чанда кездешчү номурлар

Александрдын өзгөчө сыймыктанары – арал номурлары. Мындайды таап алуу – коллекционер үчүн чоң ийгилик.

Виргинск, Гаити жана Гуам аралдарынан номурлардын топтому

Чанда кездешчү Америка номуру.  Жезге жазылган.

Александр чанда кездешчү номурларды табууга аракеттенет. Андайлар үчүн коллекционер эң кызыктуу номурларын курмандыкка чалат. Ал сандардын сыйкыр күчүнө ишенбейт, бирок анын коллекция дубалынан үч жети, үч алты же үч тогуздан куралган номурларды табууга болот.

Александр Соколинскийдин бактылуу номурлары

Александр Соколовский башка коллекционерлердей эле президенттик номурлар тууралуу кыялданат, бирок андайлар интернетте да, башка топтоочуларда да жок. Анткен менен коллекцияда дипломатиялык номурлар бар. Алар топтоочулар дүйнөсүндө абдан бааланат. Дипломатиялык номурларды табуу кыйын. Кезинде муну Александрдын досу Израилде немец транзити үчүн алмаштырган.

Американын аскер номурлары

Булак: Мейкин Азия онлайн

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz